Эртең, 2-ноябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн үшүк түшүп, +1…+6, күндүз +13…+18,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+12,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13.
Бишкекте түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.