2-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Айрым аймактарга туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+4,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз -1…+1 градус болот.