2 кошулмадан турган шоколад десерт: Кант, май жана каймак керектелбейт

Автор

Курамы:
-тазаланган банан – 300 г
-кара шоколад – 200 г
Жасалышы:
Шоколадды майда бөлүктөргө бөлүңүз. Ылайыктуу идишке өткөрүңүз. Идишти микротолкундуу мешке салып, ар бирин 10 секунддан кыска импульстар менен эритүү керек. Кесек болуп калбаш үчүн бат баттан аралаштырган жакшы.
Банандарды тереңирээк идиште блендер менен майдалап, үстүнө шоколад куюп, кайра баарын блендер менен эзүү керек.
Формага желим пленка салып, ага шоколад-банан массасын куйуп, муздаткычта 2 саатка салып койгон жакшы.
Бул рецепттеги банандарды каалаган жемиш менен алмаштырса болот. Мисалы, курма менен шоколад. Жакындарыңызга жасап берип кубандырыныз.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Садыр аке айткан дүйнөдөгү үч артыкчылык

Садыр аке айткан дүйнөдөгү үч артыкчылык кайсылар? “Тирүүчүлүктө бетке көө сүйкөнбөй, адамга тик карап, ак жүргөндөн артык нерсе болчубу? Бул жарык дүйнөдө үч артыкчылык бар. Биринчиси – өлгөндөн калган туяктын артыкчылыгы. Анткени артта калган туягың адамгерчиликтүү, сени жаманатты кылбай өссө, чоңоюп-чочойсо ысымың түбөлүктүү сакталып калары эп. Экинчиси – пайдасы жок […]

Сизге жагышы мүмкүн