Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда 2-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 28…30 градус жылуу болот.