2-июль: Көпчүлүк аймакта жамгыр жаайт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 2-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарында жаан нөшөрлөп жаайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын  температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+29 градус.

Бөлүшүү:
Next Post

Кремль Евробиримдиктин жетекчилигинен жакшы мамиле күтпөйт

Кремлде Эстониянын премьер-министри Кая Калластын Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү болуп дайындалышы сөз болду. Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: “Каллас айым буга чейин деле дипломатиялык жөндөмүн көрсөтө алган эмес жана ачык эле русофобиялык билдирүүлөрү менен белгилүү. Ошондуктан, европалык дипломатия кандайдыр бир жол менен […]

Сизге жагышы мүмкүн