2-апрелге карата аба ырайы

Автор

2-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу аймактарда карга айланат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндуз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 10…15 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 17…19° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ирандын генералдары набыт болду

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлдөрү Израилдин Сириянын баш калаасы Дамасктагы Иран консулдугунун имаратына жасаган соккусунан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жети мүчөсү өлгөнүн ырасташты. Дагы бир нече киши жарадар болду. Курман болгондордун арасында сакчылар корпусунун генералы Мохаммад Реза Захеди жана анын орун басары генерал Мохаммад Хади Хажи Рахими да бар. Сириянын […]

Сизге жагышы мүмкүн