Эртең, 19-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6
Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, 0…-5
Бишкек шаарында түнкүсүн -5…-7° суук болот, күндүз 4…6°.