19-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Дональд Трамп Зеленскийге жолугарын айтты

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп журналисттер менен болгон сүйлөшүүдө келерки жумада Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди. Бул убакытка Владимир Зеленскийдин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн АКШга сапары пландалган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн