19-октябрга карата аба ырайы

Автор

19-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир аз жаан, кар жаашы күтүлөт.

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 17…19° жылуу болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн