19-ноябрга карата аба ырайы

Автор

19-ноябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

G20 лидерлери Украинадагы абалды жөнгө салууну колдошот

«Жыйырмалык тобунун» (G20) лидерлери Украинадагы кагылышууну жөнгө салууга байланыштуу бардык учурдагы жана конструктивдүү демилгелерди колдошот. Бул Бразилияда өткөн саммиттин жыйынтык декларациясынан белгилүү болду. Документте жаңжал энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна, ошондой эле глобалдык логистикалык чынжырларга терс таасирин тийгизгени айтылат. «Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Уставындагы бардык максаттар жана принциптерге ылайык, элдердин ортосундагы […]

Сизге жагышы мүмкүн