Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 4…9.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 12…14 градус болот.