19-декабрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-декабрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгышында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматтын төрагасы болуп дайындалды. Шыкмаматов 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын июнуна чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. 2024-жылдын июнунан бери президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген. Мамлекеттик салык кызматтын жаңы жетекчисин жамаатка биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев тааныштырат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн