19-апрелге карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21… +26,
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +14…+19,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 14…+19.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+26 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия Кубогу - 2024 : Кыргызстандык футзалчылар Япония курамасын жеңди

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасынын Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия кубогунда Японияны жеңип алды. Тайпалык баскычтын алкагында өткөн бул оюн 3:2 эсебинде кыргызстандык футзалчылардын пайдасына аяктады. Голдордун авторлору: Самат Джанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов. Эске салсак, ата мекендик курама Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея […]

Сизге жагышы мүмкүн