Эртең, 19-августта Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 27…32 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн 16…18°, күндүз 32…34° жылуу болот.