18-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 18-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+25.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, эртең күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +25…+27 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев атайын кызматтын ардагерлерине күбөлүктөрдү тапшырды

Бүгүн, 17-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук министрлигинин (УКМ)- Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) -УКМКнын мурдагы төрагалары, ошондой эле генерал наамындагы экс – орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы тарабынан чакырылгандардын баарына, КР коопсуздук органдарынын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү өздүк […]

Сизге жагышы мүмкүн