18-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 18-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.
Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13,
Баткенде түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11.
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +0…-2, күндүз +12…+14 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт

Бишкекте 20-октябрда Дөлөн Өмүрзакова стадиондо 2024-жылы Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Суперкубогу үчүн беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Анда Кыргызстандын учурдагы чемпиону канттык “Абдыш-Ата” менен өлкө кубогунун жеңүүчүсү Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” командасы беттешет. Бул тиреш 2024-жылкы сезондогу негизги беттештердин бири болуп калды. Башкы кубокту ким алат? Эмоцияга жана […]

Сизге жагышы мүмкүн