18-майга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 18-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Кыргызгидромет билдиргендей, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,
Баткенде түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана түшкө чейин жаан жаабайт, 18-майда түштөн кийин жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Харьков операциясы тууралуу айтты

Россиянын президенти Владимир Путин орус аскерлеринин Харьков операциясынын милдеттерин түшүндүрдү. Ал мындай аракеттер Россиянын аймактарын аткылоого жооп экенин, Харьковду алуу планы жоктугун билдирди. «Бул да алардын (Украина бийлигинин) күнөөсү, анткени алар ок атышты. Тилекке каршы, чек ара аймактарына, Белгороддун турак жайларын аткылоону улантууда. Карапайым калк арасында жоготуу болуп жатат. Мындай […]

Сизге жагышы мүмкүн