18-декабрдан тарта Бишкек – Москва багыты боюнча поезд каттамы жанданат

Автор

Кыргызстандык адистер Москва шаарында эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышты.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жыйынтыгында 2024-жылдын 18-декабрынан тарта Бишкек-Москва жүргүнчү поездинин ишин калыбына келтирүү боюнча Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынды. Бул багыт боюнча поезд жумасына эки ирет каттоосу күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, аталган багыт боюнча поезд каттамы 2022-жылы Москванын транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.
Ошону менен бирге, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат.
Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилет

Бөлүшүү:
Next Post

Палестина БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясында биринчи жолу орун алды

Башкы ассамблеянын 79-сессиясында эң маанилүү учурларынын бири 24-30-сентябрда өтүүчү жогорку деңгээлдеги жума болот. Ага дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан лидерлер жана тышкы иштер министрлери эл аралык кырдаалды баалайт. Тарыхый окуя катары Палестинанын өкүлдөрүнүн катышуусун белгилөөгө болот. Алар Башкы Ассамблеянын залында БУУнун мүчө мамлекеттеринин жанында орун алды. Бул 2024-жылдын 10-майында Башкы Ассамблея […]

Сизге жагышы мүмкүн