179 жүргүнчү салган учактын дөңгөлөгү учуп жатканда чыгып кетти

Автор

АКШнын Лос-Анжелес шаарында United Airlines авиакомпаниясынын Boeing 757 учагы аэропорттон учуп жатканда шассинин дөңгөлөгү чыкты. Ичинде 179 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган жок. Учак Денверде шашылыш конду.
Boeing “757” үлгүсүн өндүрүүнү 2004-жылы токтоткон. United Airlines жана АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы окуя боюнча иликтөө жүргүзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Тажикстан менен беттешет

Бүгүн, 9-июль күнү Борбор Азия футбол ассоциациясынын 20 жашка чейинки курама командалары арасындагы чемпионатынын тайпалык үчүнчү турунун алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы Тажикстанга каршы кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдирди. Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өтүүдө. Мелдештин […]

Сизге жагышы мүмкүн