17-19-августта өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Автор

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августан 19-августка чейин чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жарандарга бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдыруу сунушталат.

“Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Чакан ишканаларга 7,4 млрд сом пайызсыз насыя берилди

“Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, берилген насыянын жалпы көлөмү 7 млрд 412 млн 87 миң 917 сомду түзөт. Анын ичинен: 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 984 ишкерге 5 млрд […]

Сизге жагышы мүмкүн