17-январга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-январда Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 8…10° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Жеңиш жүрүшүнө 19 өлкөнүн аскерлери чакырылды

Москвада 9-майда өтө турган Жеңиштин 80 жылдыгына арналган жүрүшкө 19 достук мамиледеги өлкөлөрдүн аскерлери чакырылган. Алардын ичинен он мамлекет катышарын тастыктады. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министри Андрей Белоусов «Жеңиш» уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди. «Кызыл аянттагы парадга катышуу үчүн 19 дос мамлекеттин аскер бөлүктөрү чакырылды»,-деди министр. Чакырууну кабыл алган мамлекеттердин ичинде […]

You May Like