17-январга карата аба ырайы: Кар жаайт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 17-январга караган түнү көпчүлүк аймакта кар жаайт, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-4, күндүз -5…0,
Талас облусунда түнкүсүн -13…-8, күндүз -7…-2,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-2, күндүз -2…+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-8, күндүз -7…-2.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт, туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-7, күндүз -2…0 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия кубогу: “Ак шумкарлар” Таиландга жеңилип калды

Катардын Доха шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тайланд курамасына каршы Азия кубогундагы алгачкы беттешин өткөрүп, 0:2 эсебинде жеңилип калды. Оюндагы эки голду Тайланддын чабуулчусу Супачай Чайдет (26, 48-мүнөт) киргизди. Беттеш Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өттү. Белгилей кетсек, Азия Кубогуна жалпысынан 24 улуттук футбол курама командасы катышып, […]

Сизге жагышы мүмкүн