17-октябрь: Туруксуз аба ырайы сакталат

Автор

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр карга айланат. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 18-23 метрге чейин жетет. Өрөөндөрдө абанын температурасы -3…-5 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Тоолордо жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.
17-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар жаайт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз ала булут каптап турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 7…9° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстанда өтө турган Азия чемпионатына (CAVA) катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 18-24-октябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Афганистан жана Мальдив аралдарынын курама командалары катышат. Курама команданын тизмеси: Кутманбек Абатаров (коргоочу); Бектурсун Сатылганов (байланыштыруучу); Нурислам […]

Сизге жагышы мүмкүн