1,7 миңден ашык үйдү суу каптады

Автор

Түндүк Казакстанда, Петропавловск шаарындагы суу ташкынынын абалы тууралуу маалымат берилди. Облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришкендей, кырдаал ырааттуу оор бойдон калууда. Сергеевское суу сактагычы 153 пайызга толду.
«Есиль дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп жатат. Жалпысынан облус боюнча 1713 үйдү, борбору Петропавловск шаарында 1050 үйдү суу каптаган. 4552 адам эвакуацияланса, анын 957си балдар.
Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда аймакта көчүрүү иштери күнү-түнү жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаш кезде далай кыздарды сүйгөн

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулунун “айрым мүлктөрүн 2-аялына каттатып койгон”,- деген айыптоосуна жооп кайтарды. Ал бир эле аял менен жашаарын, бирок, жаш кезде далай кыздарды сүйүп жүргөнүн, керек болсо, ошол депутаттар деле жаш кыздарды жакшы көрүп жүрүшкөнүн айткан. “Ал бирөө деп туура эмес айтып атат. Мен […]

Сизге жагышы мүмкүн