17-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Автор

17-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13 градус болот.
Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүз 1…3° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин: Жыл ичинде 189 калктуу конуш көзөмөлгө алынды

2024-жылы Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинадагы аскердик операциянын жүрүшүндө 189 калктуу пунктту көзөмөлгө алды, Бул тууралуу президент Владимир Путин Россиянын Коргоо министрлигинин кеңейтилген жыйынында билдирди. «Быйылкы жыл атайын аскердик операциянын максаттарына жетүүдө маанилүү болду»,-деди ал. Путин аскерлерге, офицерлерге, Коргоо министрлигинин, Росгвардиянын, атайын кызматтардын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине бардык тапшырмаларды так […]

Сизге жагышы мүмкүн