17-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° жылуу болот.