16-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет маалыматына караганда, 16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 3…8;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9.
Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 5…7° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

“Ак шумкарлар “ Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде жеңди

Кыргызстан курама командасы Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утуп алды. 2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында бүгүн, 15-октябрда борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешти. Үчүнчү айлампанын алкагында Кыргызстан алгачкы жеңишине жетишип 3 упай топтоду. Буга чейин улуттук […]

Сизге жагышы мүмкүн