16-ноябрда жаан-чачын болбойт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 16-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн