16-майга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 16-майда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +23…+28,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…1, күндүз 24…26 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Словакиянын премьер-министринин операциядан кийинки абалы белгилүү болду

Банска-Бистрица шаарындагы Рузвельт ооруканасында Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого операция ийгиликтүү жасалды. Абалы туруктуу деп бааланууда. Премьер-министрге кол салуу аракети өкмөт жыйыны өтүп жаткан Гандлов шаарындагы Маданият үйүнүн алдында болгон. Левица шаарынан келген 71 жаштагы жазуучу Юрай Синтула кол салууга шектелип кармалды. АКШнын президенти Жо Байден жана украиналык кесиптеши Владимир Зеленский […]

Сизге жагышы мүмкүн