16 жыл тамактанбаган, дени сак аял тууралуу айтылды

Автор

Эфиопиялык аял 10 жашында тамак-аш менен суу ичпей калган. Бул анын ден соолугуна эч кандай таасир эткен эмес. Бул окуясны Daily Star басылмасы жазды.
26 жаштагы Мулуворк Амбав бир күнү эртең менен мектепке барарда табити жок болгон. Ата-энесине тамак ичем деп калп айтып, 16 жылдан бери эч нерсе жебей, ичпей келет.
Анын ден соолугу чың. Өзүнө эмне болгонун билүү үчүн Аддис-Абебадагы дарыгерлерге барганында үч жыл анализ жүргүзүп, Амбав физикалык жактан соо деген жыйынтыкка келишкен. Тамак сиңирүү органдарында тамак-аш, суу жок экенин белгилүү болгон. Амбав психикалык абалын текшертүү үчүн Катар менен БАЭде дарыгерлерге кайрылганда эч кандай кемчилик табылган эмес.
Амбав кош бойлуу кезинде наристенин ден соолугун сактоо үчүн глюкоза берилген. Дени сак кыз төрөгөнү менен эмизе алган эмес. Жашылча-жемиштерин өзү өстүрүп, тамак жасаганды жакшы көрөт. Аны кызы, эжеси жана коноктор жейт.
Алдамчы деп эсептегендерге Амбав аны менен каалаганча жашап, сөздөрүнүн чын-төгүнүн текшерүүнү сунуштады.

Бөлүшүү:
Next Post

16-майга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 16-майда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына […]

Сизге жагышы мүмкүн