150 гектар жер суу алдында калды

Автор

Каражаттын жоктугунан Аламүдүн районунун Октябрь айылында 150 гектар жерди суу басып калды. Жыйынтыгында, Чу каналынын багыты өзгөрүп, айыл чарба багытындагы жерлер зыянга учураган. Дамбаларды орнотуу үчүн 2012-жылы Жогорку Кеңеш 200 млн сомго чечим чыгарган эле. Учурда жээктерди чыңдоо жана дамбаларды куруу боюнча 2.3 млрд сом керектелип жатат. Мындай иш аракет Чу тилкесинен баштап, Кемин жана Камышановка аймагына чейин уланышы зарыл экени айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Азия чемпионатында 7 медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы жети медал утту. Күрөштүн бул түрү боюнча мелдеш 9-10-апрелде өтүп, анда кыргыз балбандары үч алтын, бир күмүш жана үч коло байге жеңди. Алтын медаль: Акжол Махмудов (77 кг); Жоламан Шаршенбеков (60 кг); Акылбек Талантбеков (82 кг).   Күмүш […]

Сизге жагышы мүмкүн