Кыргызгидромет туруксуз аба ырайы 18-октябрга чейин созуларын эскертти.
15-октябрда өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр менен шамал болору күтүлүүдө.
Чүй облусунда — түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8
Таласта — түнкүсүн -3 градус сууктан …+2 жылуулука чейин, күндүз +3…+8
Ош, Жалал-Абад жана Баткенде — түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15
Ысык-Көлдө — түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин, күндүз +3…+8
Нарында — түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин, түнкүсүн +2…+7 болот.