15 миңдей жарандын абалы эмне болот?

Автор

Абхазиядан келген унаалардын тагдырын оң жагына чечүү маселеси бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында дагы көтөрүлдү. “Өкмөт биртоп жакшы иштерди кылдыңар. Мисалы, жер басып алгандардын үйлөрүнүн документтерин жасап бердиңер. Эми мына абхазиядан келген унааларды деле ошондой жол менен чечип койбойлубу. Адеп эле комиссия түзүлөт, же, андан жыйынтык жок”,- деди Жанар Акаев.
Абхазия менен Армениядан келген унааларды жалаң карапайым калк минип, оокат кылаарын, андыктан, ушул маселени чечип бергенден кийин биротоло чек койууга болоорун айтып, “унаа ташыган байлар бар аларды жоопко тарта бергиле. Бирок, 15 миңден ашык карапайым жарандарыбыздын маселесин чечип коелу”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай Украина кризисин саясий жол менен чечүүгө чакырды

Украинада тынчтык орнотуу үчүн дагы көптөгөн үндөрдү бириктирип, кризисти саясий жол менен жөнгө салууга жол ачуу зарыл экенин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва менен сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттерге билдирди. “Кытай менен Бразилия Украин кризисин саясий жактан жөнгө салуу боюнча “алты пункттан турган консенсусту” […]

Сизге жагышы мүмкүн