Эртең, 15-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин ысык болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 11…26, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 33…35 градус болот.