15-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Автор

15-декабрда караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6,

Талас облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -13…-15, күндүз -1…-3 градус суук болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Арстан Алай дайынсыз болууда

Арстан Алай аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин 13-декабрдан бери дайыны билинбей жатат. Анын баласы милицияга кайрылып, жардам сураган. Арстан Алай өзүн Кудай деп атап, “кыш болбойт”, “кышты жоюп койдум” сыяктуу фразалар менен таанымал. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн