15-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° жылуу болот.