14-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктады

Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды. Жабылыш аземинде КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Алтынбек Максутов Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары маанилүү окуялардын бири болуп калганын, бул улуттардын, ар кайсы конфессиялардын биримдигин бекемдеген ири иш-чарага айланганын белгиледи. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады. Иш-чаранын алкагында Көчмөндөрдүн […]

Сизге жагышы мүмкүн