Кыргызгидромет билдиргендей, 14-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5.
Бишкекте 14-ноябрга караган түнү кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+3 градус болот.