Эртең, 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарда жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13;
Таласта түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -20…-22°, күндүз -8…-10° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.