13-январда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 11…13° болот.