13-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары -2024: Кыргыз көк бөрүчүлөрү Казакстандын командасын жеңди

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстандын курама командасы Казакстандын улуттук курама командасын 10:4 эсебинде утуп алды. Финалдык беттеш Астанадагы «Казанат» ипподромунда өттү. Көк бөрүдөн жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1 эсеби менен, Кыргызстан Орусия курамасын 11:6 эсеби менен жеңип, финалга чыгышкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн