13-октябрда күтүлгөн аба ырайы

Автор

13-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 10…15;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

 

Нарын облусундатүнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градус жылыйт.

 

Бишкек шаарындамезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 8…10 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Сапардын алкагында президент Ильхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн