13-ноябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,
Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 2…4 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалды

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Адыл уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык баш аламандыктар») 1-бөлүгү, 261-беренесинин («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») 1-бөлүгү, 263-беренесинин («Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо») 2-бөлүгү, […]

Сизге жагышы мүмкүн