13-мартта күтүлгөн аба ырайы

Автор

Эртең, 13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, тоолуу райондордо жаан, кар жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +2…+4 градус.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстан чемпионаты жыйынтыкталды

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 156 спортчу катышып, жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Кыз-келиндер арасында: 55 кг 1-орун Канышай Аманкулова (Жалал-Абад); 2-орун Клара Сайдинова […]

Сизге жагышы мүмкүн