13-июнда күтүлгөн аба ырайы

Автор

13-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кага айланат. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр нөшөрлөп жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда тункүсүн 9…14, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылыйт.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

«Аккула» ат майданында чагылган тийип, бир киши каза болду

Бишкекте «Аккула» ат майданында чабандеске чагылган тийип көз жумган. Кырсыктан аны менен кошо аты да өлгөн. Бул тууралуу Ленин РИИБинен тастыкташты. Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Тез жардам бригадасы барган, бирок куткарып кала алышкан эмес. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн