13-июлга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым аймактарда жаан нөшөрлөп жашайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

CAFA U-20: Кыргызстандын курамасы экинчи орунга ээ болду

Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалы аяктады. Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда орун алып, Афганистан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өттү. Финалдык беттеш 0-3 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын курамасы турнирдин […]

Сизге жагышы мүмкүн