«13 депутат кетти». Мандаттар алынышы боюнча комиссия түзүү сунушталды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 13-марттагы парламенттин жалпы жыйынында 13 депутаттын мандаттан ажырашы боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.
«90 депутаттан 13ү кетти. Бул жөнөкөй маселе эмес. Биздин укуктарды тебелеп-тепсеп жатышат. Депутат элдин өкүлү, элдин үнү, мындай болбошу керек. Биз унчукпай эле отура беребизби? Мен сунуш киргизем, комиссия түзөлү» , — деди депутат Айдарбеков.
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев регламент боюнча бул сунуш тармактык комитетте каралып, кагаз түрүндө келиши керектигин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

ХАМАС АКШ сунуш кылган планга макул болду

ХАМАС кыймылы Газа тилкесинде АКШ сунуштаган ок атышууну токтотуу планына макул болду. Бул планда согуштук аракеттерди токтотуу жана жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө акырындык менен кайтып келиши каралган. Келишимдин чоо-жайы жана аны ишке ашыруу мөөнөтү жакынкы келечекте палестиналык кыймылдын өкүлүнүн Каирге болгон сапарынын алкагында талкууланат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн