Кыргызгидромет билдиргендей, 13-апрелде өлкөдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 26…28 градус жылуу.