13-августка карата аба ырайы

Автор

13-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ош облусунун тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз дээрлик жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндуз 33…38;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндуз 33…38;
Ысык-Көл облусунда тункүсүн 10…15, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 19…21°, күндүз 35…37° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский Курск облусунда операция жүргүзүлүп жатканын тастыктады

Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Курск облусунда операция жүргүзүп жатканын тастыктады. «Эң маанилүүсү – биздин коргонуу аракеттерибиз жана Курск облусундагы операция боюнча башкы командачы Александр Сырскийдин отчету болду. Бардык жоокерлерге жана командирлерге чыдамкайлык жана чечкиндүү аракеттери үчүн ыраазычылык билдиребиз. Координациялык штабга, УКМКга, ИИМге жана Аскер чалгын кызматына – […]

Сизге жагышы мүмкүн