Казакстанда “Мигрант” иш-чарасынын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери беш күн ичинде 10 миңден ашык миграциялык мыйзам бузуу фактыларын аныкташкан. 4475 чет элдик жаран, чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн 613 иш берүүчү жоопкерчиликке тартылды. Чет элдик жарандардын жүргөнү боюнча милицияга арызданбаганы үчүн 2624 жеке жана юридикалык жактар катталып, миграциялык мыйзамдарды бузгандарды өлкөдөн чыгаруу боюнча 850 чечим кабыл алынган. 121 чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган. Аларга беш жылга Казакстанга кирүүгө тыюу салынды.
Мыйзамсыз эмгек мигранттары көбүнчө жарандардын билдирүүлөрү аркылуу аныкталган. Алматыда жеке менчик жатакананын ээси шектүү адамдар тууралуу миграция кызматына кайрылган.